Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ден-солук-2024» старт алды

2024-жылдын 17-февралында Ноокен районунун Саадат Ногоева атындагы №2 орто мектебинин спорт залында Жалал-Абад областынын «Ден-соолук 2024»спорттук иш чарасына старт берилди.

Иш чаранынын ачылыш аземине билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы  А.Исмаилов, жооптуу кызматкери А.Айдаров, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүн башчысы Н.Олжобаев, кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, 8 айыл аймактарынын жана Кочкор-Ата шаарынын курама командалары, ардагер спортчулар катышышты.

Иш чараны Ноокен райондук билим берүү бөлүмүн башчысы Н.Олжобаев  кутуктоо сөзү менен ачып, райондук билим берүү кызматкерлеринин  спартакиадасынын катышуучуларына ийгиликтерди каалады. Билим жана илим кызматкерлернин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык  комитетинин төрагасы А.Исмаилов Жалал-Абад областынын «Ден-соолук-2024» спорттук иш чарасы Ноокен районунда башталып жаканы менен  спортчуларды куттуктап, сыйлоо фондуна областтык комитетин бюджетинен салым кошконун белгиледи. Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов да өз сөзүндө спортчуларга ийгилик каалады.

Спартакиада Сакалды жана Ноокен айыл аймактарынын волейбол боюнча курама командаларынын беттешүүсү менен башталды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитети