Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Демөөрчүүнүн демилгеси

2016 – 2017 – окуу  жылында  “Кош – Терек”   негизги  билим  берүүчү  мектебиндеги  окуучулардын  саны  өсүп  3  сменада  билим  берүү  иштери  жүргүзүлө  баштады.

Мектептеги  3  смендүүлүктү  жоюу  максатында  мектеп  директору  Убайдуллаев  Рустам  Мухаммадалиевичата – энелер  чогулушун  уюштурду.  Чогулушта  каралуучу  маселе  боюнча  өз  ой  пикирлерин  айтып,  окуучуларды  3  сменда  окуусун  жоюу  үчүн  кошумча  окуу  корпусун  курууну  сунуштады.  Чогулушта  жеке  ишкер  Сопиев Обиджан  Ташполатович өз  каражаты  эсебинен,  кошумча  окуу  корпусун  куруу  демилгесин  көтөрдү.

Мектеп  курулушунда  кээ  бир  ата – энелер  өз  эмгеги  менен  жардам  беришсе,калгандары  акча  каражаты  тарабынан  келишим  боюнча  жаңы  имаратты  куруу  үчүн  иштеген  жумушчулардын  эмгек  акысын  (250 000 сом)  төлөп  беришти.

Мектеп  профсоюз  уюмунун  төрагасы  Убайдуллаев  Халдор  башчылыгындагы мектеп  мугалимдери  сабактан  тышкары  бош  убакттарында  мектептин  пол  жана  потолокторун  бүтүруштү. 

Натыйжада   жеке  ишкер  Сопиев Обиджан  ,  ата – энелер  жана  мектеп  жамаатынын   жардамы  менен  жаңы  корпус    2017 – жыл   курулуп  бүткөрүлдү.  Жаңы  корпус  курулушуна  жеке  ишкер Сопиев  Обиджан  өз каражатынан   5000 000 сом  сарптады.

Кош-Терек айылындагы мектепке  өтө чөн салым  кошкон Сопиев Обиджанга мектеп жамааты  жана айылда жашаган ата-энелер   терен ыраазычылыгын  билдирет . 

 

Даярдаган:

               Баштапкы профсоюз уюумунун

              төрагасы  Убайдуллаев Халдар