Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Демөөрчүнүн жардамы дем берет

    Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү №11 М.Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепке Кимсанов Алмаз Аманбаевич көп жылдан бери демөөрчүлүк кылып келет.

     Кимсанов Алмаз Аманбаевич 1969-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында интеллиегенттин үй-бүлөсүндө туулган, ал Украинадагы Одесса шаарында А.С.Попов атындагы электро-техникалык байланыш институтун бүтүргөн, үй-бүлөлүү, 4 уулдун атасы. Учурда ишкердик менен алектенет.

     Алмаз Аманбаевич 2015-жылы жогорудагы мектептин спорт залын жана чатырын 5,5 млн сомго капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөргөн, ушул эле жылы башталгыч класстардын имаратын 150000 сомго ремонт жасаган, 20 мугалимге 240000 сомго велосипед сатып алып берген, мектепке 110 миң сомдук эмеректерди алып берген,  окуучуларга 50 миң сом сыйлык, мугалимдерге 50 миң сомдук сый тамак уюштурган.

      Ал эми 2016-2018-жылдары жыл сайын жаңы жылда окуучуларга 100 миң сомдук белектерди, окуучулардын ысык тамагы үчүн 60 кг жаңак, мугалимдерге жыл сайын 20 миң сомдон сыйлыктарды уюштуруп турат.

         Жогорудагы демөөрчүлүк иштери үчүн эл-журт Кимсанов Алмаз Аманбаевичке чоң ыраазычылык билдирет.