Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“ДЕМ” ТРЕНИНГ КЕРБЕНИ ОГПИде

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “ДЕМ” тренинг кербени тарабынан атайын окутуучулар үчүн “Заманбап окутуучу” аталышындагы тренинг өтүп жатат.

Билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган аталган саамалык ОГПИнин Математика жана компьютердик технологиялар факультетинин деканы Кандалат Турдубаева жана “ДЕМ” тренинг кербенинин негиздөөчүсү К-ӨУнун доценти Өскөнбай Дилишатовдун демилгеси менен уюштурулду. Тренингге институттун окутуучулары катышып, жалпы 16 сааттык “Google дун тиркемелерин үйрөнүү” боюнча маалымат алышууда. Ага кошумча Google классрумда иштөө, ыкчам клавищалар жана кайтарым байланыш түзүүнүн 7 керемети (Quizzes, Quizlet, Google forms, Kahoot, Socrativ, Online Test Pad, Learning Apps) жөнүндө көргөзмөлүү маалыматтар берилип жатат. Семинардын жүрүшү кызуу уланып, катышуучулар он-лайн жана офф-лайн сабактарды өзгөчө тереңдетип натыйжалуу өтүүгө мүмкүн болгон усулдарды жана инновациялык технологиялардын жардамында уюштурууну өздөштүрүштү.

Эскерте кетсек тренингти “ДЕМ” тренинг кербенинин жетекчиси техника илимдеринин кандидаты К-ӨУнун доценти Өскөнбай Дилишатов, педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти Дамира Зулпукарова жана физика-математика илимдеринин кандидаты, К-ӨУнун доценти Чолпон Абдуллаевалар өтүп жатат. Тренинг 27-28-январга пландалып, жыйынтыгында катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылмакчы.

Кубанычбек Жылкычы уулу