Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Делегаттар колдошту

2020-жылдын  22-декабрында Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Сузак  райондук  отчеттук - кайра шайлоо  конферециясы  болуп,  анда Кыргыз  Республикасынын билим жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек  Токтогулович  , Жалал-Абад  облустук  комитетинин  төрагасы  Исмаилов Абдукахар  Арапович, Сузак  райондук  мамлекеттик  администрациясынын аппарат  башчысы  Маматсабиров Ислам Тиленбаевич,  Сузак  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн башчысы  Усенов  Тынычбек  Жумабекович,  Ала-Бука  райкомунун  төрагасы  Дурусалиев  Жакыпбай  Тургуналиевич, Ноокен  райкомунун төрагасы  Нышанов   Кубанычбек  Калдаровыч  чакырылган   меймандар  жана  78 делегат  катышты. Конференцияда райкомдун  2016-2020-жылдардагы   аткарган  иштери жөнүндөгү  отчету  жана  текшерүү  комиссиясынын  5  жылдык  отчету  угулду. Отчет  боюнча   талкууга   катышкан   14  делегат  канааттандырарлык баасын  беришип, текшерүү  комиссиясынын  отчетун  бекитүүнү  сунушташты. Райкомдун жана  текшерүү  комиссиясынын жаңы  курамы  ачык  добуш   менен  бекитилди. Райкомдун  төрагалыгына делегаттар  тарабынан  Орозалиев  Абдимажит Жумабаевичтин талапкерлиги  сунушталды. Башка талапкер  болбогондуктан ачык добуш  менен  ,  делегаттар бир  добуштан колдошту. Райкомдун  президиумунун  жаңы  курамы  бекитилди. Конференцияда  Борбордук Комитеттин  төрагасы Асылбек  Токтогулович жаңы  курамды жана төрага  Орозалиев  Абдимажит Жумабаевичти куттуктап,  жаңы  милдеттер  тууралуу    сөз  сүйлөдү.  Орозалиев  Абдимажит Жумабаевич  сүйлөп,  делегаттарга жана  келген  меймандарга   ыраазычылык  айтып,  ишенимди   актап  ак  иштеп берерин  , конференцияда  айтылган  кемчиликтер   боюнча иш-чаралар  түзүлүп  иш  алып  барарын  билдирди.

Материалды  даярдаган: Обкомдун  инспектору  А.Айдаров.