Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Делегаттар ишеним көрсөтүштү

       2018-жылдын 26-майында Билим берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Токтогул  райондук  комитетинин  отчеттук  кайра-шайлоо  8-райондук конференциясы  болуп  өттү.

     Конференцияга Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы А.Исмаилов, инспектору  А.Айдаров, райондук  билим  берүү бөлүмүнүн  башчысы              Д. Сулпукарова, тармактын ардагарлери, 81делегат  катышты.

Конференцияда райкомдун төрагасы  Т.Исраилов  2013-2018-жылдарда  аткарылган  иштери  жөнүндө баяндама  жасады. Текшерүү  комиссиясынын  төрайымы  Б.Сатымкулова   маалымат  берди.

Талкууда төмөнкүлөр  чыгып  сүйлөштү:

1.Үсөнөва  Күлүйпа- Нургазиев  а.о.м. мугалими,”Кыргыз Республикасынын  эмгек  сиңирген  мугалими”,

2.Асанбаева Гулжамал –Бримкулов   а.г.м. орус тили  мугалими,

3.Үмөтаев Турсуналы-Ашыралиев а.о.м.тарых  мугалими,

4.Жапаркулова Бубубатма-Чаргынов а.о. мугалими, ,”Кыргыз Республикасынын  эмгек  сиңирген  мугалими”,

5.Өскөнбаев Касым-Иманбаев а.о.м.мугалими (райБББнун  мурдагы   башчысы.)

6.Тен Света Иннокеньевна –Достук балдар бакчасынын директору,

7.Сулпукарова Дамира Кайсарбаевна- райБББнүн  башчысы.

Делегаттар райкомдун  5 жылдык  ишине “канааттандырарлык”  баасын  беришти.

Райкомдун жана  текшерүү  комиссиясынын  жаңы курамы  шайланды.

Делегаттар райкомдун  төрагалык  кызматына кайрадан Токтомуш  Исраиловту  ачык  бир  добуш  менен шайлашты.

      Обкомдун  төрагасы  А.Исмаилов райкомдун, текшерүү  комиссиясынын жаңы  курамын  жана Т.Исраиловту шайланышы  менен  куттуктап, иштерине  ийгиликтерди, жаңы  жетишкендиктерди  каалады. Токтогул районунун  билим берүүсүнүн  ардагерлеринеине  Ысык-Көлдө  эс  алуусу  үчүн  жолдонмо  берди.

      Конференциянын  акырында  Т.Исраилов сөз  алып, обкомдун  төрагасы  А.Исмаиловко, ардагерлерге, делегаттарга  ыраазычылык  билдирип, билим  берүү  кызматкелери үчүн  билим,  тажрыйбасын пайдаланып  ак  иштеп  берүүгө милдеттенди.

Материалды  даярдаган: Жалал-Абад  обкомунун инспектору –А.Айдаров.