Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Даниялыктардын доолбору ишке ашырылды

     Ноокен  районундагы  Жумабек  Ниязов  атындагы  көмөкчү  жатак   мектебинин  жамаатынын, окуучуларынын  кубанычы  чексиз.  2016-жылдын   14-ноябры  күнү Дания  мамлекетиндеги   «Даниядагы  Европо  Үйү”  мамлекеттик эмес  уюмунун  Президенти- Лиза  Фром ,вице  Президенти-Хенрик  Хаубро жана   Кыргызтандын  Социалдык  кызматкерлеринин  Ассосациясынын   президенти    В.  Усенова,  райБББнун  башчысы  Б.Козуев, Шайдан  айыл  Өкмөтунүн башчысы Ш.Алыкулов  жана  чакырылган  меймандардын  катышуусу  менен    850  миң  сомдук  долбоор  менен  курулган  күнөскананын  ишке  берүү  аземи  болуп  өттү.   Чыгып  сүйлөгөндөр  Дания  мамлекетиндеги   «Даниядагы  Европо  Үйү”  мамлекеттик эмес  уюмунун  Президенти- Лиза  Фромго   ыраазычлыктарын  билдиришти.                                                          

    Даниялык   меймандар  2017-жылда балдарды  өнөргө   үйрөтүү  багытындагы долбоор  менен  иштоону  улантаарын  маалымдашты.

Ноокендиктер  Даниялыктарга жаңы долбоор  менен  иштөөдө ийгиликтер  каалашып, ырахматтарын  айтышты.

Материалдарды  даярдаган  райКБКнын  тескөөчүсү-  А.Айдаров.