Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Даниялыктардын бакчаларынын тажрыйбасы Ноокенде

Ноокен районунун делегациясы 2015-жылдын августунда Данияда кызматташуу  сапарында болушуп, билим берүү тармагындагы жакшы саамалыктарды алып келишкен.Иш тажрыйбаларды турмушка ашырууну жетекчилерге жеткирүү максатында 2016-жылдын 15-апрелинде №2 “Ак-Куу” бакчасынын базасында 32 бакчалардын директорлорунун семинары “Бакчаларда инновациялык иштерди уюштуруу” темасында өткөрүлдү.                                 

    Семинардын 1-бөлүгундө катышуучулар Даниянын бакчаларындагыдай балдар үчүн тайпаларда өзгөчө шарттардын уюштурулушун кызыгүү  менен таанышышты.Бакчанын тарбиячылары тарабынан өткөрүлгөн математика жана экономика сабактарына жана балдардын көркөм чыгармачылыгы менен даярдалган иш-чарага катышышты.            

     2-бөлүндө “Бакчаларда коопсуздук чараларын  уюштуруу” темасында усулдук иш-чара улантылып, билим, илим профсоюзунун райондук комитетин укук жана эмгек боюнча тескөөчүсү А.Айдаров, райондук билим берүү бөлүмүнун адиси Ү.Шамаматовалар усулдук материалдар менен тааныштырып,”Бакчаларда эмгекти коргоо”,”Бакчанын коопсуздугун камсыздоо”,”Бакчалардагы кокустуктар”, “Бакчалардагы өрт коопсуздугун камсыздоонун чаралары” темасындага видио тасмалар берилди. Бакчанын директору  Г.Расулова “Бакчалардагы коопсуздукту уюштуруунун иш кагаздарын  сдайддар аркылуу көрсөтүп берди. Бакча өзүнүн сайтын ачкандыгын маалымдам, директор жаңы материалдары менен тааныштырды.  Семинардын жыйынтыгында катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Даярдаган: Билим,илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин тескөөчүсү-А.Айдаров.