Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Даниялыктардын 2-долбоору

      Ноокен  районундагы  Жумабек  Ниязов  атындагы  көмөкчү  жатак   мектебинде  2017-жылдын   6-апрели  күнү Дания  мамлекетиндеги   «Даниядагы  Европо  Үйү”  мамлекеттик эмес  уюмунун  вице  Президенти-Хенрик  Хаубро ,  райБББнун  башчысы  Б.Козуев, райКБКнын   төрагасы   К.К.Нышанов   болушуп,  1-долбоор  кунөскананын  иши  менен  таанышышты. Жамааттын  күнөсканадагы  иштериндеги  ийгиликтери  меймандарды  кубандырды.                                            

     «Даниядагы  Европо  Үйү”  мамлекеттик эмес  уюмунун  вице  Президенти-Хенрик  Хауброго   жаңы  2-долбоор  сунушталып :  мектепке   өнөркана куруу ,  жыгач, устасы, бут  кийим  оңдоочу  уста,  чачтарач кесибине  даярдоону   уюштуруу  боюнча  жана  Кочкор-Ата  шаарындагы   Н.Исанов  атындагы  жатак  гимназия  мектебинде  чет  тилдерди   үйрөнүү   борборун   тузүү  боюнча  келишим  макулдашылды.  Ноокендиктер  Даниялыктарга жаңы долбоор  менен  иштоодо ийгиликтер  каалашып, ыраазычылыктарын  билдиришти.

Материалдарды  даярдаган Ноокен  райКБКнын  тескөөчүсү-  А.Айдаров.