Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Cүлүктү шаардык комитети жылдын жыйынтыгын чыгарды

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети 2021-жылдын 10-февралында 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарган Президиумун өткөрдү. Президиумга шаардык комитеттин президиум мүчөлөрү жана билим берүү мекемелеринин БПУ төрайымдары чакырылды.

Негизги маселе 2020-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы, 2021-жылга иш планды кабыл алуу, бекитүү жана уюштуруу иштери боюнча ар түрдүү маселелер каралды.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча “Мыкты баштапкы кесиптик бирлик уюму” кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн, билим берүү мекемелеринин профсоюз кыймылына салым кошкон педагогикалык жана техникалык кызматкерлери белгиленип шаардык комитеттин баалуу сыйлыктары жана алкыш баракчалары менен сыйланышты.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети