Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган иш чара

Майлуу-Суу шаарындагы ар бир мектепте, ошону менен бирге мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы мекемелерде дүйнө жүзүнө таанылган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына арналган кечелер жана чоң иш чаралар өткөрүлдү.

Окуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахнада театрлаштырып өзүлөрүнүн таланттарын көрсөтүштү.
Мектептер арасында конкурстар жарыяланып, жеңүүчүлөрдү белгилешти. Көркөм окуулар, эң мыкты дил баян жазышып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын оң жана терс каармандарын мүнөздөшүп, өзүлөрүнүн баасын беришти.

Эң негизги максат бул Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп чыгуу, билүү, баалоо жана адам баласына керектүү сапаттарын алуу.

Чыңгыз Айтматов, окуучулардын жүрөгүндө түбөлүккө калаарын билдирип,  жазуучунун көтөргөн маселелерин чечүүгө жана улантууга даяр экендигин билдиришти!!!

 

 

Материалды  даярдаган:

 Майлуу-Суу шааркомунун  төрайымы

Б.Джураева