Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чыңгыз Айтматов-кылымдын жанган жылдызы

Таш-Көмүр шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага шаардын бардык мектептери келип, көргөзмөлөр уюштурулуп, бир жылдын жыйынтыктоочу отчеттук иши көргөзүлдү. Ч.Айтматовдун өлбөс өчпөс элеси, каармандары окуучуларга, ата-энелерге,коомчулукка чоң таасир калтырды. Бул маарекеге шаардын мэри Р.А.Асаналиев, Шаардык кеңештин төрагасы  С.Сансызбаев, аялдар кеңешинин төрайымы К.Умбеталиева, ШБББнүн кызматкерлери, усулчулар келип катышып өздөрүнүн жылуу сөздөрүн айтышты. Шаардык иш чараны балдар чыгармачылык үйүнүн директору А.Субанова өзү алып барып, жогорку деңгээлде өткөрдү.

 

Даярдаган :Э.Ж.Эгизалиева