Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чыгаан мугалимдердин таймашы

    2016 жылдын 12-13 апрель күндөрү  «Тарых жана маданият» жылына карата Сузак районунда «Жылдын мыкты мугалими - 2016» кароо сынагы болуп өттү. Кароо сынака 13 айыл округунан биринчиликти алган 18 чыгаан мугалимдер катышышты.

   Сынакты  билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитети менен Сузак райондук билим берүү бөлүмү биргеликте түзүлгөн макулдашуунун негизинде уюштурушту. Эки күндүк катуу таймашуунун негизинде Сынактын областык туруна катышууга жолдомону райондогу Ш.Абдраманов атындагы орто мектебинин мугалими Жормонова жеӊип алды. Жеӊүүчүлөргө райком профсоюз тарабынан даярдалган Ардак грамоталар менен баалуу белектер тапшырылды. Жеӊүүчүгө   муздаткыч менен  Арстанбап пансионатына 10 күндүк жолдомо тапшырылды. Кароо сынака Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Раманкулова А.Ж.келип катышуучуларды куттуктап баалуу белектерин берди. Эки күндүк бул салтанаттуу иш чара Керемет ТВ сынан 20 минуттук атайын репортаж кылып көрсөтүлдү.