Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Чыгаан Мугалим»

     2016-жылдын апрель айында Ала-Бука районундагы сегиз айыл аймактарында «Чыгаан Мугалим» конкурсунун экинчи туру өткөрүлүп мыкты деп табылган 12 мугалим райондук турга жолдомо алып 15-16 апрель күнү райондук турга катышты. «Чыгаан мугалим» конкурсу № 2 А.Тураббаев атындагы орто мектебинде өткөрүлүп калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы боюнча калыстар тобунун ,профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев конкурстун катышуучуларынын аракеттери жана чыгырмачылыктарына кеңири токтолуп жылдагыга караганда быйылкы жылы катышуучулардын билими , иш тажырыйбасы жогору экендигин белгилеп толкунданып турган катышуучулардын алган упайларын жана ээлен орундарын угузду.

         Эң жогорку упайды топтоп ГРАН ПРИ наамына М.Алымбеков атындагы орто мектебинин география мугалими Шабданова Венера ээ болуп облустук турга жолдомо алууга жетишти.Ал эми биринчи орунду Айры-Там гимназия мектебинин кыргыз тили мугалими Салиева Роза, экинчи орунду Балтагулов атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Жураева Наима, үчүнчү орунду Эргешов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине ыйгарылды.

         Жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдукулова Чынары Абдыкапаровна жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевичтер куттуктоо сөздөрүн айтып профсоюз комитети тарабынан уюштурулган баалуу белектерди жана дипломдорду тапшырышты.

         Катышуучулар жана күйөрмандар ыраазы болуп тарады.