Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өчпөс талант

Акын агабыз К.Сабыровдун туулган күнүнө карата Ата Журтунда - Лейлек районундагы Тогуз-Булак орто мектебинде өтүп жаткан поэзия жумалыгынын алкагында "Поэзия - жан дүйнөнүн азыгы" аттуу кече болуп, ага алты ырлар китебинин автору Сулайманкул Исраилов жана акын эжебиз Разия Алимова конок болушту. Алар өздөрүнүн чыгармаларын окуп беришип, окуучулардын суроолоруна жооп беришти. Кече балдардын ыр бийлери менен коштолду. Кечени кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Гулсунай Жороева жана Гулбайра Муртазаева жогорку деңгээлде даярдап өткөрүштү.

 

Материалды даярдаган: Лейлек райпроф комитетинин төрагасы А.Бердиев