Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чек арада эмгектенген мугалимдер үчүн эс алуу уюштурулду

 

Баткен районун Тажик Республикасы менен чек арада жайгашкан Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 18 билим берүү кызматкерлери 2014-жылдын 2-июлунан 6-июлуна чейин Баткен-Ош-Сары-Челек-Арсланбап-Баткен маршруту боюнча эс алуу экскурсиясына барып келишти.

Бул эс алуу учун Баткен областтык профсоюз комитети(төрага З.Ботоков) тарабынан Арсланбап пансионатына 1 жолдомо, Баткен райондук профсоюз комитети(төрага Т.Жумаев) тарабынан Ош пансионатына 1 жолдомо берилип,  ал эми Баткен районунун Ак-Сай Айыл өкмөтү тарабынан жол чыгымдары төлөнүп берилди.

Эс алууга барышкан билим берүү кызматкерлери, областтык, райондук билим берүү профсоюз уюмдары тарабынан уюштурулган экскурсияга ыраазычылык билдиришүүдө.

 

 

 

Баткен районундагы Б.Ходжаев

а.о.м директору                                                         П.Салимбеков