Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чек арадагы жаңы мектеп

2021-жылдын 16-январында Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу чек арадагы Нура айылында №40 Ы.Мону уулу атындагы орто мектебинин 100 окуучуга ылайыкташтырылган кошумча окуу корпусунун ачылуу аземи болуп пайдаланууга берилди. Буга чейин бир окуу корпусунда окуучулар батышпай 3 сменада окуп келишкен.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты У.Б.Примов, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким А.Болбур уулу, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О.Мусаев, Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыров, Сары-Таш айылы өкмөтүнүн башчысы Б.А.Эмилов жана тиешелүү жетекчилер, айыл тургундары, жалпы мугалимдер жана окуучулар катышышты. Жаңы окуу корпусун Жогорку Кеңештин депутаты У.Б.Примов баштаган жетекчилер, айыл ак-сакалдары ачышып ийгилиектерди каалашты.

Жаңы окуу корпусунун системалык баасы 13 млн. 200 миң сом болуп жергиликтүү бюджет тарабынан каржыланды. Ал эми «Ош - Пирим» фонду тарабынан 700 миң сомдук жардам берилди.

Ал эми аймактарды өнүктүрүү тарабынан мектептин заманбап котельныйы, ажатканасы жана класстардын учур талабына ылайыкташтырылган жасалгалары 2,5 млн сомго бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.

Учурда чек арадан 5 км аралыкта жайгашкан директор Т.Жороева жетектеген №40 генерал – лейтанант Ы.Мону уулу атындагы орто мектепте 34 мугалим, 12 техникалык кызматкер үзүрлүү эмгектенишип, 17 класс комплектиде 278 окуучу билим тарбия алып жатышат.
Салтанаттын жүрүшүндө мектеп жамаатына Жогорку Кеңеш, райондук малекеттик администрация, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюз комитети тарабынан атайын белектер тартууланып, ак тилек каалоолор айтылды.

Акылбек Куна уулу, редактор