Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалда «Жылдын мыкты мугалими» аныкталды

Райондук  билим  берүү  бөлүмү   менен  профсоюздун  райкому тарабынан  түзүлгөн  Макулдашууда  мугалимдердин  кесиптик  чыгармачылыгын  өнүктүрүүгө жана   тажрыйбасын   жайылтууга   чоң   мааны   берилген. Аталган   милдеттерди    ишке   ашыруу  максатында  2019-жылдын  4-5-апрель күндөрү Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы Таласбай Жаналиев орто мектебинде райондук "Жыл мугалими-2019" кароо-сынагы   болуп өттү.

Кароо-сынакка район аймагындагы он тогуз мектептин он алтысынан келген он алты мугалим катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин сындан өткөрүштү.
Жыйынтыгында, Баш байгени С. Мырзалиев орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нургиза Кубатова жеңип алды. 1-орунду Терек-Сай орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Чынара Амиракулова ээледи. 2-орун Ж. Ташкеев негизги билим берүүчү мектебинин башталгыч класстары мугалими Назгүл Өскөнбаевага, 3-орун болсо, Чакмак-Суу орто мектебинин мугалими Нургазы Рысалиевге ыйгарылды.
Мындан сырткары, бир топ мугалимдер атайы наамдарга ээ болушту.

Материалды  даярдаган: 

Чаткал  райкомунун  төрагасы

Ы.Кудайбердиев