Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткалда спартакиада өткөрүлдү

2019-жылдын   23-мартта Чаткал районунун борборунда жайгашкан Т.Эрматов атындагы өспүрүм балдар спорт мектебинде мугалимдер арасында спорттун волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча мелдеш болуп өттү.
Мелдешке волейбол боюнча эркектерден турган сегиз, ал эми аялдардан турган он алты команда катышты. Мелдеш кызыктуу жана жогорку уюшкандыкта өтүп, жыйынтыгында волейбол боюнча эркектер арасында С. Байдөөлөтов орто мектебинин командасы жеңишке жетишишти. 2-орунду болсо, Ж. Ташкеев мектебинин командасы ээледи. 3-орун К. Акназаров орто мектебинин командасына берилди.
Аялдар арасында волейбол боюнча мелдеште 1-орунду С. Дозонов орто мектебинин командасы ээледи. 2-орун А. Айымбетов орто мектебинин командасына ыйгарылды. 3-орунга Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин командасы жетишти. Мындан сырткары, стол тенниси жана шахмат боюнча жеңүүчүлөр да акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Мелдештин каржылык жагы билим берүү кызматкерлеринин  профсоюзнун райондук  комитети тарабынан камсыздалды.

 

Материалды  даярдаган:

Чаткал райкомунун  төрагасы

Ы.Кудайбердиев.