Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткал районунда спартакиада өткөрүлдү

       Билим  берүү  жана илим  кызматкерлеринин Чаткал  райондук  профсоюз комитети  тарабынан   бир топ иштер алынып  барылууда.  Президент  А.Атамбаевдин  « 2017-жыл-ыйман,  адеп  жана маданият жылы  жөнүндөгү» жарлыгы  жүрүм-турум эрежелеринин  маданяттуулугун, үйдө, көчөдө, мектепте жана  коомдук  жайларда  этиканын сакталышын  жаӊыча  көз  карашта  аӊдоого басым  жасады. Бул багытта  ыйман, адеп, маданяттуулук  боюнча иш-чаралар  түзүлүп  иш-чаралардын  негизинде иштер  алынып  барылууда . Атап  айтсак,   Сумсар, Терек-Сай  айыл  аймактарына  караштуу  мектептерде  иштеп жатакан  мугалимдер  арасында спорттун  үч түрү  боюнча  спартакиада  өткөрүлдү. Спартаканын өткөрүлүшүнө райондук  профсоюз комитети  тарабынан көмөк көрсөтүлдү. Башкача  айтканда аялдар  арасында, эркектер  арасында  стол үстүндө тенис, шахмат,  волейбол  оюндарынын  жеӊүүчүлөрүнө  биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы дипломдор  жана  5000(беш миӊ)  сом акчалай сыйлыктар берилди.