Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Чаткал районунда Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

2021-жылдын 22-февралында "23-февраль-Ата мекенди коргоо күнү майрамына карата "Сен ооруба мен ооруюн Ата Журт" темасындагы майрамдык азем болду.

Бул иш-чарада  Ж.Ташикеев атындагы, А.Айымбетов атындагы негизги мектептеринин мугалимдери арасында мелдеш өткөрүлүп, ага райадминистрация башчысынын орун басары А.Чынасова, райБББнын башчысы Т.Тынышов, райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ы.Кудайбердиев, ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, райондук аскер комиссариатынын жооптуу кызматкерлери катышышты.

Азем мазмундуу жана кызыктуу өтүп,  жыйынтыгында  жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

 

Материалды  даярдаган:  Чаткал  райкомунун төрагасы-Ы. Кудайбердиев.