Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Үч тараптуу макулдашуу турмушка ашырылууда!

     Ноокен райондук  администрациясы, Ноокен  райондук  билим берүү  бөлүмү  менен Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен  райондук  комитети ортосундо  түзүлгөн  УЧ  ТАРАПТУУ МАКУЛДАШУУга  ылайык  мектепке  чейинки билим  берүү уюмдарынын материалдык  базасын  чыңдоо жана жаңы бакчаларды   ачууга  өзгөчө мааны  берилген.

    Макулдашууну  турмушка  ашыруу  максатында Ноокен районунда 2017-жылда 4 жаңы бакча ишке  берилди. Райондук профсоюздук  уюмга  жаңыдан 4 баштапкы профсоюздук уюм  жана 45  мүчө  кошулду.

    Бакчаларда балдардын  тарбиялануусу  үчүн  толук  шарттар  менен  №22 Абдырахманов  атындагы  орто мектебинин  алдында  №40  “Ак кеме”,  №8 Орозматов  атындагы  орто мектебинин  алдында  №38 “Бучур”, №37 Токтоболот  атындагы орто  мектебинин  алдында  №39 “Жетиген”  жана  №34 “Эл  Нуру” бакчалары  ачылды.

    Бакчаларга  биринчи  кезкете  мугалимдердин  балдары  кабыл  алынынып, билим  берүү  кызматкерлери  үчүн жакшы   шарттар  жаратылды.

Айылдыктар, ата-энелер, мугалимдер  бакчалардын ачылышын камсыз   кылган  жетекчилерге,  бийлик  өкүлдөрүнө,  уюштуруучуларга ыраазычылыктарын  билдиришүүдө.

Материалды  даярдаган: Ноокен райКБКнын  төрагасы-К.Нышанов.