Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата арналган «Жылдыз ѳчпѳс болсочу, Чынгыз ѳлбѳс болсочу!...” иш чара Каракол шаарынын №13 бала бакчасында

Каракол шаарынын №13 бала бакчасында  Ч.Айтматовдун  90-жылдыгына  карата  иш чара болуп өттү.   Бала бакчанын тарбиялануучулары  “Биринчи мугалим” повестинен сценка коюп, залкар жазуучунун сѳзү, обонуна жазылган  “Ысык-Кѳлдү сагынуу” ырына  бий аткарып беришти.

Ч.Айтматовдун белгилүү чыгармаларынын  каармандарына жасалган “Чыңгыз кербенине” бала бакчанын тарбиячылары ОрозалиеваЖ.К., Мамбеталиева А.Ж., Касымова Г.Ж. тарабынан жазылган ырлар айтылды.

Андан тышкары, бала бакчанын тарбиялануучулары, ата-энелер биргеликте даярдалган  “кѳрсѳтмѳ” болду. Кѳрсѳтмѳдѳ Ч.Айтматовдун  белгилүү  чыгармаларын чагылдырган сүрѳттѳр, ар кандай жасалгалар  (пластилин, жыгач,  картон, пенопласт, кийиз, фетр, түрдүү кагаз, тамак азыктары: буурчак, манка, күрүч, гречка) коюлду.

Иш чарага Каракол шаарынын билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Апышева В.С.,  профсоюз уюмунун тѳрайымы Касымалиева Ж.Ү. жана бардык бала бакчалардын  жетекчилери, тарбиячылар, кыргыз тили мугалимдери,  ата-энелер комитети катышышты. Соңунда келген меймандар   бала бакчанын жалпы  жамаатынын зор эмгегин баалап, ыраазычылыктарын айтып,   мындай иш чаралардын балдарды тарбиялоодо, тажрыйба алмашууда  маанисин чоң экендигин баса белгилешти.

 
 
 
 
Казакбаева Б.
№13 –бала бакчанын профкому