Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чара өткөрүлдү

Жалал –Абад облусунун Алай районундагы Жуманазаров атындагы орто мектебинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чара өткөрүлдү. Иш чараны мектеп директору ачып мугалим жана окуучулардын чыгармачылыгына ийгиликтерди каалап кыргызды бүт ааламга даӊазалаган Ч.Айтматовдун учкул сөздөрүн айтып иш чараны ачып берди.

Мектеп мугалимдери жана окуучулары тарабынан Ч.Айтматовдун чыгармаларынан даярдалган үзүндүлөрдү көркөмдөп көрсөтүштү.

Чакырылган коноктордон  райондук гезиттин башкы редактору Камчыбек Камбарбеков айрыкча Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы каармандардын ролун ойногон окуучуларга ырызычылыгын билдирип деги эле айылдын мектебинде Айтматовдун сегиз чыгармасынан көрүнүштөрдү көрсөткөн жалпы мектеп мугалим окуучуларына ыразычылык билдирип мектептин китепканасына Ч.Айтматовдун эки томдогу китебин тапшырды. Кеченин акырында ыр, бийлер коштолду.

Жуманазаров атындагы орто мектебинин

баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы

Сартбаева Н.