Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Үч тараптуу макулдашуу көп маселени чечет

Баткен шаарынын  мэри  Мамыржан Рахимов 5-октябрь  мугалимдердин кесиптик майрамынын  урматына Баткен  шаарындагы  мугалимдерди  сүйүнтту.  Кыргыз  Республикасынын   “Мугалимдин  статусу жөнүндө мыйзамынын”  8-беренесине жана  Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр  М.Рахимов), Баткен шаардык  билим берүү бөлүмүнүн (башчысы  А.Ахматбеков) жана  билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун   Баткен   шаардык  комитетинин (төрайым  М.Калыкова)  ортосунда  2017-2019-жылдарга  түзүлгөн үч  тараптуу  макулдашууга  ылайык   жергиликтүү  бюджеттин эсебинен  Баткен  шаарындагы  билим берүү  мекемелеринде эмгектенген  мугалим жана тарбиячылардын  ар бирине  300  сом  өлчөмүндө   коммуналдык чыгымдар  үчүн  женилдиктер  акчалай  түрдө берилди  . Жалпысынан  Баткен шаарындагы  374 мугалим, тарбиячыларга   112200 сом  которулду.

Мугалимдердин  беделин көтөрүүдө  жергиликтүү  бийлик  органынын (Баткен шаарынын мэриясынын)     профсоюз уюму  менен  социалдык  өнөктөштүктө тыгыз иш алып барганы мугалимдер үчүн  да  социалдык колдоо катары  кабыл алынууда.

Буга  чейин жаш мугалимдерди колдоо үчүн   Баткен шаарынын  мэриясы  тарабынан  20 мугалимге  1500 сомдон  жалпы 20000  сом  жаш мугалимдерге Мугалимдердин  Август  кенешмесинде  тапшырылган болчу.

Баткен шаарынын  мугалимдери  мындай жөрөлгөгө  сүйүнүп  профсоюз уюмуна ыраазылыктарын  билдиришүүдө.

 

Материалды даярдаган:

Калыкова Мактым