Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Үч тараптуу макулдашуу кабыл алынды

2024-жылдын 1-февралында 2024-2026-жылдарда Билим берүү кызматкерлеринин эмгектик,турмуш – тиричилик  шарттарын  жакшыртуу жана мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча Баткен  районунун мамлекеттик  администрациясынын, райондук  билим берүү  бөлүмүнүн жана  билим  берүү  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин райондук  комитетинин ортосунда үч тараптуу макулдашуу кабыл алынды.

Макулдашууга райондук  мамлекеттик администрациянын башчысы – аким У.Жоробаев, райондук  билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов, райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Зайитов жана  райондогу тогуз айыл өкмөтүнүн башчылары кол коюшту.

Тараптар келишимде белгиленген талаптарды так аткарууга, эмгектик талаш – тартыштарды мыйзамдын чегинде  жолго салууга милдеттеништи.

Макулдашуу Баткен райондор аралык эмгек, социалдык  камсыздоо  жана миграция башкармалыгында каттоодон  өтүп  юридикалык күчкө  ээ болду.

Райондогу билим  берүү мекемелеринде мөөнөтү бүткөн макулдашууларды жаңылоо сунушу айтылды жана  айыл өкмөттөрүнүн башчылары  тарабынан колдоого ээ болду.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук кесиптик бирлик уюму