Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Үч тараптуу макулдашуу-ишти алдыга жылдырат

«Биргелешип иштөө-ийгиликке өбөлгө» деген темада Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Ыбрай Туманов атындагы орто мекте-

бинде билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмунун тɵрагалары үчүн профсоюздун райондук  комитети тарабынан семинар өткөрүлдү.

     Семинардын максаты, профсоюздук уюм, мектеп администрациясы жергиликтүү Кеңеш жана айыл аймагы  менен биргеликте иш алып барууну жакшыртуу,  өнөктөштүктү өркүндөтүү болду.

     Семинарга Кыргыз  Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Ө.Молдокматов, профсоюздун Түп райондук комитетинин төрагасы М.Сыдыков, Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев, Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жакупов,  айылдык Кеңештин төрагасы Алымбек уулу Исламбектер катышышты.

     Мектептин директору С.Курманалиева жана мектептин профкомунун тɵрайымы  Н.Абдыкалыкова семинарды  алгач мектеп менен тааныштыруудан баштап, андан соң семинардын салтанаттуу ачылышы болуп, мектеп профкому Н.Абдыкалыкова «Биргелешкен аракет иштин ажарын ачат» - деген темада доклад жасап, слайддар көрсөтүлдү.

     Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы  Т.Жакупов, айылдык Кеңештин төрагасы Алымбек уулу Исламбек, мектеп директору С.Курманалиева  айылдагы билим берүү мекемелериндеги окутуп-тарбиялоо ишин алдыга жылдырып,  жакшыртуудагы  биргелешип жүргүзгөн иштерине токтолушуп жана алдыдагы  аткарыла турган милдеттерди айтып өтүштү.

     Профком Нурзада Абдыкалыкова  катышуучуларды мектептин профсоюз комитети, иш кагаздары менен тааныштырып, тажрыйба алмашты жана «Айыл жергесиндеги мугалимдерди колдоо»- деген темада  профсоюздук талаш-тартыш иш чарасы ɵткɵзүлдү,  анда катышуучулар өз ойлорун айтышып, талкуу жүргүзүштү, кызыктуу оюндар ойнотулду.

     Семинардын катышуучуларына мектептин мугалими Г.Кашымова тарабынан даярдалган окуучулардын аткаруусундагы концерт тартууланды.

     Профсоюздун Түп райондук комитетинин төрагасы  М.Сыдыков, профсоюздун областтык координатору Ө.Молдокматов жалпы эле Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик, эмгектик жана социалдык –экономикалык укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери боюнча маалымат беришти.

     Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаев «Профсоюздук лидерлик»- темасында кеңири түшүнүк берип, ой бөлүштү.

     Соңунда семинар жыйынтыкталып Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  М.Темиралиев сөз сүйлөп, мектептин алдыңкы мугалимдерине профсоюздун райондук  комитети тарабынан грамоталар тапшырылды жана семинардын катышуучулары мектептин профкомуна, администрациясына, эмгек жамаатына, өзгөчө мектепке ар тараптан колдоо көрсөтүп, үч тараптуу келишим  боюнча биргеликте активдүү иштеп келе жатышкан Ак-Булуң айыл өкмөтүнө жана айылдык Кеңешке терең ыраазычылыктарын билдиришип, каалоо-тилектерин айтышты.

                                                                       Айжан Төрөева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси.