Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Үч тараптуу келишим”

        Базар-Коргон райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун райондук комитети тарабынан Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдарына  семинар уюштурулду.

         Базар-Коргон районунун   Акман айыл аймагынын Колот айылында жайгашкан №24 Раяна  мектепке чейинки билим берүү  уюмунда   21- февраль күнү  семинар болуп өттү.

Семинардын жүрүшүн №24 Раяна  мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору   А.Ысакова алып барды.

         Семинарда үч тараптуу келишим  жөнүндө слайд көрсөтүлдү. Семинарга район боюнча 34  мектепке чейинки билим берүү  мекемесинин  баштапкы  профсоюз уюмунун  төрайымдары толук катышты. Семинарга келген баштапкы уюмдун төрайымдарына      “Үч тараптуу келишим” жөнүндө  үлгү  даярдалып , таркатылды.  Семинарга  Базар- Коргон райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин  райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев жана казна башчысы Б.Дүйшөбаевалар катышышты. Семинарда “Үч тараптуу келишим”  боюнча  ар  түрдүү суроо жооптор болду.