Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

БЮДЖЕТТЕН ТЫШКАРКЫ КАРАЖАТТАРДЫ КАНТИП ПАЙДАЛАНУУ КЕРЕК?

     Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин I кварталынын иш планына ылайык 2017-жылдын 24-мартында Б.Нарматов атындагы орто мектебинде  “Билим берүү кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууда бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу жана пайдалануу жөнүндө» деген темада семинар болуп өттү. Директорлордун жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын семинарына катышкандар бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу жана пайдалануу боюнча кеңири маалымат алышты. Семинардын жүрүшүндө “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүп жаткан иштер жана милдеттер жөнүндө (А.Зайитов – райБББнын  башчысы)”, “Билим берүү мекемелеринде көзөмөлчүлүк кеңеши:  түзүүнүн  тартиби, максаты, милдеттери, ыйгарым укуктары (Мажилимов О – РайБББнын башч.орун басары)”, “Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамы, мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери  (Масалиев А. – РПКнын кызматкери)”, “Көзөмөлчүлүк кеңешинин финансылык иштери жана ага коюлган талаптар (Мавлянова К. – Бужун гимназия мектебинин көзөмөлчүлүк кеңешинин төрайымы)” деген темаларда баяндамалар угулду.

     Белгилей кетүүчү жагдай, Б.Байназаров атындагы башталгыч мектептин директору А.Омурзакова, Б.Байназаров атындагы башталгыч мектептин  көзөмөлчүлөр кеңешинин төрайымы  Г.Айипова көзөмөлчүлүк кеңештин жылдык иш планынын түзүлүшү жана аткарылышы жөнүндө,  Бужун гимназия мектебинин директору Г.Жапарова, Бужун гимназия мектебинин көзөмөлчүлөр кеңешинин төрайымы  К.Мавлянова Көзөмөлчүлүк кеңешинин бюджети: кирешелер, чыгашалар сметасынын түзүлүшү жана аткарылышы боюнча өздөрүнүн иш тажрыйбасынан практикалык сабак өтүштү.

     Баяндамалардын жана практикалык сабактын жыйынтыгы менен катышуучулар үч топко бөлүнүшүп, I топ бир мектептин көзөмөлчүлүк кеңештин окуу жылы үчүн иш планын, II топ бир балдар бакчасынын көзөмөлчүлүк кеңешинин бюджетин, ал эми III топтогулар көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү боюнча комиссиянын ишин түзүп чыгышты.

    Семинардын катышуучуларына Билим берүү кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртууда бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу жана пайдалануу үчүн жетекчиликке алынуучу ченемдик-укуктук актылардын пакети тапшырылды.

 

 

Билим берүү кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Баткен райондук

 комитетинин жетектөөчү адиси                                                                                Б.Абдыразакова