Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Булак көрсөң көзүн ач"

Жакында Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айылындагы М.Чокиев атындагы орто мектебинде билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин катышуусундагы «Булак көрсөң көзүн ач» аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты – жөндөмдүү жана таланттуу мектеп окуучулары менен иш алып барууда семинарды уюштуруп жаткан билим уясындагы өзгөчөлүктөр менен райондун мектеп директорлорун тааныштыруу жана бул багыттагы ой-пикирлер менен бөлүшүү болду.

Семинарын жүрүшүндө «Билимдүүгө дүйнө жарык», «Мен көптү билем, анткени көп окуйм», «Мугалим күн сыяктуу чачылса, окуучусу гүл сыяктуу ачылат», «Улуу муунду туурайлы, ата-эне учугун улайлы» аттуу темалардагы ачык сабактарда, ийримдерде, клубдарда мектеп мугалимдери менен окуучулардын байланышын, билим, тарбия алуудагы алдыңкы ыкмаларды семинардын катышуучуларына көрсөтө алышты.

Сминардын жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана бир катар мектеп директорлору өздөрүнүн сунуштарын, каалоо-тилектерин айтышты.

 

Матералды даярдаган: Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери Ж.Жунушева