Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү

Базар-Коргон районунун   Базар-Коргон  шаарындагы   А.  Худайбердиев атындагы №26   орто  мектебинин  базасында  “28-апрель -  Бүткүл  дүйнөлук  эмгекти  коргоо  күнү”  майрамына  карата областтык  иш чара болуп  өттү. Анда Билим  берүү   жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин  Жалал-Абад  областтык   комитетинин  укук  жана  эмгекти коргоо боюнча  башкы   инспектору А.Айдаров, областтык Жаштар Кеңешинн төрагасы З.Сулайманов, Базар-Коргон райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн башчысынын  орун   басары  Т.Абдикеримов, Билим  берүү   жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин  Базар-Коргон райондук  комитетинин төрагасы  С.Жаркымбаев  жана  124  баштапкы  кесиптик  уюмдардын  төрагалары катышты.

Иш чараны Билим  берүү   жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин  Базар-Коргон райондук  комитетинин төрагасы  С.Жаркымбаев  ачып, 2024-жылы 12-апрелде Бишкек  шаарындагы “Сити Отель” мейманканасынын жыйындар залында “КР  билим берүү  жана кесиптик бирлик  уюмдарынын социалдык өнөктөштүгү:милдеттер  жана  жоопкерчиликтер”  республикалык   форумунун резолюциясы  менен тааныштырды.

Билим  берүү   жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин  Жалал-Абад  областтык   комитетинин  укук  жана  эмгекти коргоо боюнча  башкы   инспектору А.Айдаров  Иш-чараны улантып  катышуучуларды  28-апрель- Бүткүл  дүйнөлук  эмгекти  коргоо  күнү  менен  кызуу  куттуктап, “Климаттын  өзгөрүүсү - эмгек  гигиенасына   жана коопсуздугуна таасири”  темасында маалымат  берди. 

 

Маалыматты  даярдаган: А.Айдаров, кесиптик  бирликтин  Жалал-Абад областтык  комитетинин инспектору