Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү белгиленди

Жалал-Абад областык кесиптик бирлик комитети Ноокен райондук билим берүү мекемелеринде 28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата бир катар иш-чараларды уюштуруп, мыкты деңгээлде өткөрдү.

Алсак, спорттук оюндар, флешмобдор жана ар бир баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында чогулуштар, тегерек столдор уюштурулуп, кызматкерлер Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү жөнүндөгү  маалыматтар менен кененирээк таанышышты.

Андан сырткары баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын жетекчилери ардактуу эс алуудагы мугалимдердин үйүнө барып кабар алышты жана кесиптик бирлик комитети тарабынан атайын белектер таршырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук кесиптик бирлик комитетинин инспектору Т.Бакиров