Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“БРЕЙН-РИНГДЕ” БАТКЕН РАЙОНУ БИРИНЧИ

Профсоюздун Баткен облустук комитети баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын  активдүүлүгүн арттыруу максатында ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп келет. Анын бири - кесиптик бирлик кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган “Брейн-ринг” интеллектуалдык таймашы.

“Брейн-ринг” облустук таймашы райшаардык баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынан түзүлгөн командалардын ортосунда болду. Таймашка 5 команда катышып, жыйынтыгында төмөнкүлөр алдыңкы орундарды ээлешти жана тиешелүү даражадагы диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:

“Адилет” (Баткен району)-10 000 сом

“Профсоюз нуру” (Кадамжай району) - 8 000 сом

“Биримдик” (Кызыл-Кыя шаары)- 6 000 сом

Баткен районунун  1-орунду ээлеген “Адилет” командасынын курамы төмөнкүдөй:

Мажилимов Олжобай  - РайБББнын БКБУ төрагасы

Умаров Райимберди  - Б.Ходжаев а.о.м. БКБУ төрагасы

Сапарова Гулмира  - Бужун гимн. мек. БКБУ төрайымы

Тажибаева Зуура  - Б.Нарматов а.о.м. БКБУ төрайымы

Курбанбекова Рахат  - Б.Байназаров а.о.м. БКБУ төрайымы

Интеллектуалдык таймашта  биринчи, экинчи, үчүнчү орундарды ээлеген “Адилет”, “Профсоюз нуру”, “Биримдик” командаларынын катышуучулары – БКБУ төрагалары 2019-жылдын жайында республиканын санаторийлеринин биринде эс алышып, ден соолуктарын чыңдашмакчы. Бул жөнүндө таймашты жыйынтыктап жатып, Баткен ОКПнын төрагасы З.Н.Бөтөков билдирди.

Облустук “Брейн-ринг” интеллектуалдык таймашынын катышуучулары жана күйөрман катары келген профсоюз мүчөлөрү ушундай иш-чараларды уюштурган облустук комитетке, анын төрагасы З.Н.Бөтөковго терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

                    Баткен РКПнын жетектөөчү адиси                                                                         Б.Абдыразакова