Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Брейн-ринг» өткөрүлдү

Билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин (мектеп жана балдар  бакчаларынын директорлорунун) жана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагаларынын укуктук билимдерин, компетенттүүлүктөрүн арттыруу жана билим берүү тармагындагы укуктук-ченемдик актылары боюнча билимдерин өнүктүрүү максатында Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин Баткен райондук комитети тарабынан 2023-жылдын 20-ноябрында «Брейн-ринг» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Оюнду  райондук  комитеттин  төрагасы А.Зайитов ачып, оюндун жүрүү тартиби  менен тааныштырды.

Оюнга райондогу айыл аймактарына караштуу билим берүү  уюмдарынын  жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик  уюмдарынын   төрагалары катышты. Оюн эки бөлүктөн туруп суроолор уюштуруу   комитети  тарабынан түзүлүп, музыканын  коштоосунда  өттү.

Натыйжада Ак-Сай айыл  өкмөтүнүн командасы 1-орунду, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн командасы 2-орунду, Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн командасы  3-орунду ээлешти. Калган айыл өкмөттөрүнүн командалары активдүү оюн   көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөр жана активдүү катышкандар райондук комитеттин  дипломдору  жана акчалай  сыйлыктары  менен  сыйланышты. Сыйлыктарды областык комитеттин төрагасы З.Бөтөков жана Баткен райондук билим  берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов тапшырышып, куттуктоо   сөздөрүн айтышты. Ж.Момунов  атындагы  орто  мектебинин директору  З.Зарматова оюнга катышуучулардын атынан «Брейн-ринг»  интеллектуалдык  оюнун  уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети