Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Брейн-ринг интеллектуалдык оюну

Баткен областындагы билим берүү уюмдарынын жаңыдан дайындалган жетекчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын арасында өткөрүлүүчү “Брейн-ринг” интеллектуалдык оюнунда Лейлек районунун “Ынтымак” тобу 3-орунду камсыздады. Оюн аябай кызыктуу да, пайдалуу да болду. Оюнга даярдануу менен билим берүү тармагындагы мыйзамдар, укуктук-ченемдик актылар, иш берүүчү менен кызматкер ортосундагы эмгек мамилелери, кесиптик бирликтин ишмердүүлүгү боюнча билимдер бекемделди. Практикада кездешүүчү кээ бир талаштуу кырдаалдардын мыйзамдуу, так чечимин биле алдык.  Оюнга катышуу менен мектеп директорлору жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары ортосунда иштиктүү баарлашуу, пикир алмашуу, тажрыйба алмашуу да болду.  Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген үчүн иш-чаранын уюштуруучуларына терең алкыш айтылды. Айрыкча, оюндун  райондук турун күчтүү атаандаштыкта, жогорку  деңгээлде уюштурууга, колдоо көрсөткөн  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевичке өзгөчө ыраазычылык билдирилди. Ушундай агартуучулук максатындагы иш-чараларды дагы да өткөрүп, билим берүү кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү каалоолору айтылды.

 

Маалыматты даярдаган: Лейлек райондук кесиптик бирлик комитети