Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин Президиумунун токтомдору аткарууга алынды.

              2015-жылдын  30-декабрында  Билим,  илим  профсоюзунун  Ноокен  райондук  комитетинин  кезектеги  президиумунун  жыйналышы  өткөрүлүп , анда  9  маселе  каралды. Жыйналышта райондук  комитеттин  төрагасы  К.  Нышанов  Борбордук  Комитеттин  23.12.2015-жыл күнү өткөн  президиумунун  кенешмесинин материалдары  менен кеңри   тааныштырды.Облустук  комитеттин  18.12.2015-жыл күнү өткөрүлгөн президиумунун токтомдоруна  токтолду. Токтомдорду аткаруу боюнча  райондук  комитеттин алдындагы  милдеттерди  белгилеп кетти.

            Баштапкы профсоюздук  уюмдарда өткөрүлгон чогулуштарда  айтылган   сын  пикир,  сунуштардын  негизинде  кабыл  алынган  иш чаралардын аткарылышынын жүрүшү боюнча  маалыматтар  талкууланды.  Профсоюз –ишенимдүү  тирегибиз!  темасындагы иш- чаранын  жыйынтыктары айтылды. “Жылдын мыкты  профсоюздук  уюму жана  төрагасы-2015” кароосунун  облустук  турунун  жыйынтыктары жөнүндө  маалымат  берилип, №16  Турусбеков  атындагы  орто  мектебинин  баштапкы  профсоюздук  уюму  жана  төрайымы Тагаева  Нургулдун   1-орунду  ээлегендиги  менен   куттуктады.

              Баштапкы  профсоюздук  уюмдардын  Ф-2  отчетунун  жыйынтыктары каралып, жаңы уюштурулган  баштапкы  профсоюздук  уюмдар: №26 “Ак-Шоола,”№27 “Кун  нуру”, №29 Иса  агай атындагы, №30 “Бобок”бакчалары, №31 Татыкулов  атындагы окуу-тарбия  комплексинда  түзүлгөн  бакча, №32 “Жеңиш”  орто  мектебинин алдында  ачылган бакча, №48  “Сакалды”  орто  мектебинин профсоюздук уюмдары  райондук  комитеттин  курамына  кабыл  алынды.

             Билим  берүү  кызматкерлеринин  “ Спартакиада-2016”  райондук  спорттук   иш- чарасынын Жоболору  бекитилди.   Жер  титироодон жабыркагандарга жардамдар боюнча райондук билим берүү кызматкерлери  111миң 620 сом  жана райондук комитет  тарабынан  10миң сом бардыгы 121миң  620 сом   жардамдар  берилгендиги жөнүндө  белгиленди. Баштапкы  профсоюздук  уюмдарга жаңы  жылды  өткөрүү  үчүн  сметаларына негиз каражаттар бөлүп  берилди. Каралган  маселелер  боюнча  тийиштүү  токтомдор  кабыл  алынды.

       Президиум  мүчөлөрүнө  жаңы  жылдык  белектер  тапшырылды. Алар  тарабынан билим,илим  профсоюзунун  ишине  ийгиликтер каалашып, ыраазчылыктар билдирилди.

Даярдаган, райондук комитеттин  укук  жана эмгекти коргоо  боюнча  тескөөчүсү А.Айдаров.