Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин президиумунан ийгилик менен кайттык

                         “Тармакта адептүүлүктү жогорулатуу жана укуктук маданият иштерин мыкты уюштургандыгы үчун” урааны астында 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата профсоюздун Ноокен райондук комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын төрагалары арасында кароо-сынак жарыяланып, мен да  № 26 “Ак - Шоола” балдар бакчасынан катыштым.

            Кароо-сынактын шарты боюнча бакчадагы аткарылган иштерди  жана  2017-жыл “Ыйман, адеп жана  маданият” жылына карата өткөрүлгөн иш чараларды чагылдырып китеп даярдадым. Даярдаган китебим кароо-сынакка коюлуп, атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде райондук турунда I орун, областтык турда  I орунду ээлеп,ардак грамота ошондой эле баалуу белектер менен сыйланып,  республикалык  турга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум.     21.12.2017-жыл Бишкек шаарында Борбордук Комитеттин  жыйынтыктоочу президиум өткөрүлдү. Конкурстун жыйынтыгы менен  I орунга татыктуу болуп, “Ардак грамота” жана ноутбук менен сыйландым.  Мындай иш чараларга катышып, ушундай даражага жетишкендигиме жакындан жардам берген  № 26 “Ак-Шоола” балдар бакчасынын директору К. Мурашевага, Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышановго, Жалал-Абад обкомунун инспектору  А.Ч. Айдаровго,  Жалал-Абад обкомунун төрагасы А. А. Исмаиловго терең ыраазычылыгымды билдирем.                                                                                                                                                                                     Урматтуу Асылбек Токтогулович!  Сизди жана сиз жетектеген жамаатты кирип келе жаткан     2018-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Жаңы жыл Сиздердин үй-бүлөңүздөргө  тынчтык, аманчылык, ынтымак алып келген акжолтой  жылдардан  болсун.  Иштериңиздерди ар дайым ийгиликтер коштосун!