Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин 3-Талас Пленумунун чечимдерин турмушка ашырайлы!

              2016-жылдын  5-сентябрында Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  кесип  бирлигинин   Ноокен  райондук  комитеттин  кезектеги  5-президиумунун   кенешмеси  болуп  өттүү. Кеңешмеде  төмонкү  маселелер  талкууланды:

1.Борбордук  Комитеттин 3-Талас  Пленумунун  чечимдерин  ишке  ашыруу  боюнча  Ноокен  райондук  комитетинин  иш-чараларын  бекитүү жөнүндө.

2.Райондун билим  берүү  тармагынын жамааттары  ортосунда 2015-2016-окуу  жылында өткөрүлгөн мелдештердин  жыйынтыктары жөнүндө.

3.”Жайкы эс  алуу-2016” иш чараларынын  жыйынтыктары жөнүндө.

4.Баштапкы  кесиптик  уюмдарда  отчеттук  чогулуштарды  өткөрүүнү  уюштуруу  жөнундө.

5.Райондук “Билим  берүүнүн  Ардагери”  төш  белгисине сунуштарды бекитүү  жөнүндө.

6.Билим  берүү  кызматкерлеринин  кесиптик  майрамын өткөрүү  жөнүндө.

Президиум  кенешмеси талкууланган  маселелер  боюнча тийиштүү  токтомдор  кабыл  алды.

 

                     2016-жылдын 9-10 –сентябры  күндөрү  баштапкы кесиптик  уюмдун  жетекчилери   үчүн №31  Татыкулов  атындагы  окуу-тарбия  комплексында  жана №1 “Ак-Кайың”  бакчасынын базасында семинарлар “Борбордук  Комитеттин 3-Талас   Пленумунун   чечимдерин   турмушка  ашырайлы! темасында  өткөрүлүп, 91 лидерлер  катышты.

                        Семинарлардын  1-бөлүгүндө баштапкы  кесиптик  уюмдарда  отчеттук  чогулуштардын  өткөрүүнүн  үлгүүсү  катарында №31  Татыкулов  атындагы  окуу-тарбия  комплексында  жана №1 “Ак-Кайың”  бакчасында  жамаатардын  отчеттук  чогулуштары жобого  ылйык  жаңы  технологияларды пайдаланып өткөрүлүп  көрсөтүлдү.

                       2-бөлүгүндө райондук  комитетин  төрагасы К.Нышанов Борбордук  Комитеттин 3-Талас  Пленумнун материалдары менен  тааныштырып, Борбордук  Комитеттин 3-Талас  Пленумунун  чечимдерин  ишке  ашыруу  боюнча  Ноокен  райондук  комитетинин  иш-чараларына  токтолду.Төрага баштапкы  кесиптик  уюмдардын  алдындагы  негизги  милдеттерди белгилеп,  ишке  ашыруу  чараларын көрсөтүп  берди.Отчеттук  чогулуштарда макулдашууларды, жамааттык  келишимдерды  аткарылышы  жана  жаңы  окуу  жылына  бекитүү маселелерине көнүл бүрүү  зарылдыгын  белгиледи.

             Райондук  комитеттин  тескөөчүсү  А.Айдаров  Билим  берүү  тармагынды эмгекти  коргоо  жана  коопсуздукту  уюштуруу боюнча  усулдук материалдар  менен  тааныштырды. Борбордук  комитет  тарабынан  жарыяланган   “Кесиптик  уюмдун  мүчөлөрүн  социалдык  колдоолорун мыкты  уюштурган кесиптик  комитет” урааны  астында өткөрүлүп жаткан  кароо-сынактын  райондук  турун  өткөрүүнүн чараларын А.Айдаров  маалымдады жана  усулдук  багыттар берди.

              Семинарда  тематика боюнча  усулдук  материалдар  таратылып  берилди.Катышуучулар семинардын уюштурулушу боюнча  ой-пикирлерин  билдиришти.  Семинарды суролорго  жооптор берүү менен  төрага  К.Нышанов жыйынтыктады.

 

Материалдарды даярдаган,  райКБКны  тескөөчүсү-А.Айдаров.