Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов менен жолугушуу

2021-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов Жалал-Абад облустук комитеттин жана Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук Борборунун жамааттары менен жолугушту.

Жолугушууга Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.Исмаилов, Жалал-Абад облустук билим берүүнүн усулдук Борборунун директору А.Токтосуновдор катышышты.

Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогулов кызматкерлерге эмгектенүү үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, жамааттын сунуш пикирлерин укту.

Усулдук Борбордо билим берүү кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү үчүн түзүлүп жаткан шарттар жана “Билим” залы менен таанышып чыгып, жакшы тилектерин билдирди.

Борбордун директору А.А.Токтосуновду 60 жаш юбилейи менен куттуктап, чыгармачылык иштеринде ийгиликтерди каалады. Жалал-Абад облусунун билим берүүсүнүн Ардагери Т.Турганбаев Республикабыздын билим берүү тармагынын өнүгүүсүндө профсоюздун орду чөң экендигин белгилеп, А.Т.Токтогуловго жакшы тилектерин билдирди.

Жолугушууда А.Т.Токтогуловго жетекчилер жана жамаат профсоюздук иштеринде залкар ийгиликтер, бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Обкомдун инспектору А.Айдаров