Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин төрагасы А. Токтогулов балдардын жайкы эс алуусунун уюштурулушу менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А. Токтогулов иш сапары менен  Жалал-Абад облусунда болду.

2018-жылдын 16-июлу күнү Сузак районунун Кара-Алма аймагында жайгашкан Жалал-Абад шаардык мэриясынын “Алтын балалык” балдардын эс алуу борборунда журуп жаткан иштер, балдар үчүн тузүлгөн шарттар менен  Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов, обкомдун төрагасы А.Исмаилов, шааркомдун төрагасы К.Акунов жакындан таанышышты.

Борбордун директору Т.Аманова мэрия жана демөөрчүлөр тарабынан жаңы эмеректер, мебелдер, сантехникалык жабдуулар менен камсыздалып, жаңы коттеждер куруу иштери башталганын кубануу менен айтып берди. Борбордо 2-агым менен 170 бала эс алгандыгын, 3- агымда 60 баланы кабыл алуусу үчүн толук шарттар бар экендигине токтолду.

Төрага А.Токтогулов борбордун жамаатынын ишине ийгиликтер каалап, жайкы эс алунун жыйынтыгында  алгылыктуу эмгектери бааланышын белгиледи.

Борбордун жамааты А. Токтогуловко, А.Исмаиловко профсоюздук жетекчилик тарабынан берилип жаткан колдоолор, көмөктөр үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору-А.Айдаров.