Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Борбордук Комитетинин 5-Пленумунун чечимдерин ишке ашыруу” темасындагы райондук семинар кеңешмеси

15. 09. 2018-жыл Ноокен районуна караштуу № 16 Ж. Турусбеков атындагы орто мектебинде “Борбордук Комитетинин 5-Пленумунун чечимдерин ишке ашыруу”

темасында баштапкы кесиптик уюмдун төрагаларынын райондук семинары болуп өттү.

Семинар КРнын Гимни менен ачылып, № 16 Турусбеков атындагы орто мектебинде өткөн окуу жылында аткарылган иштери  жөнүндө  баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы  Н. Тагаева маалыматын берди.

Семинардын жүрүшүндө Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесип   бирлигинин Борбордук Комитетинин 5-Пленумунун чечимдерин ишке ашыруу иш чаралары, үч тараптуу, жамааттык жана жеке келишимдерди түзүү жана аткарылышын камсыздоо, баштапкы кесиптик уюмдун номенклатуралык иш кагаздары, баштапкы кесиптик уюмдарда эмгекти коргоо жана коопсуздук иш-чараларын уюштуруу, баштапкы   кесиптик   уюмдарда  отчетук    кайра-шайлоо  чогулуштарды даярдоо  жана өткөрүү    

жөнүндө маселелер каралып, талкуу жүргүзүлдү. Семинарга жалпысынан 94 баштапкы кесиптик уюмдарынын жетекчилери катышышты.

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров