Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз – спорт аркылуу ден соолукту чынайбыз !

Баткен  шаарында  билим  берүү   кызматкерлеринин  арасында   2017-жылдын 19- апрелинде  спартакиада өткөрүлдү.  Спартакиадага   Баткен шаардык Кенешинин  төрагасы  А.А.Ташбеков, Баткен шаардык спорт комитетинин  башчысы  Ж.Токсобаев, Баткен шаардык  билим берүү бөлүмүнүн башчысы  А.Ахматбеков,  билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун  Баткен шаардык комитетинин төрайымы  М.Калыкова  катышты.

Спартакиада  Баткен  шаарындагы В.И.Ленин  атындагы  орто мектебинин  базасында өткөрүлүп,  спорттун 4 түрү  волейбол, футбол, шахмат,  тогуз коргоол  боюнча өткөрүлдү. Спартакиадага  9 командада жалпысынан    196 профсоюз мүчөлөрү катышып, күч сынашты.    Жыйынтыгында  волейбол боюнча  1-орунга  С.Айтматов а.о.м. аялдар командасы, 2-орунга В.И.Ленин а.о.м. аялдар командасы, 3-орунга  Кызыл-Жол о.м. аялдар командасы татыктуу болушту. Ал эми футбол боюнча 1-орунга В.И.Ленин а.о.м. эркектер командасы, 2-орунга  А.Имаров-Кызыл-Топу а.о.м. командасы, 3-орунга  Ж.Боконбаев а.о.м. командасы  ээледи. Жалпы  командалык эсепте  1-орунду  В.И.Ленин атындагы орто мектеби  камсыз кылды .  Спартакиаданын  жыйынтыгында  ар бир командага диплом жана  акчалай сыйлыктар берилди. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун  Баткен шаардык комитетинин төрайымы  М.Калыкова  ар кандай  номинациялар  “Мыкты  чабуулчу”, “Мыкты коргоочу”, “Ардагер  спортчу”, “Жаш  спортчу” боюнча   баалуу  белектерди ыйгарды.   Жалпысынан  спартакиаданы уюштуруп,  өткөрүү  үчүн  46200 сом  акча  каражаты  сарпталды.