Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз ВИЧ, СПИДке каршыбыз!

28-ноябрь Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата  “Биз СПИДке каршыбыз!” деген аталышта талкуу болуп өттү.

Иш чара Музыкалык-педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана психология кафедрасынын доценти Б.Абдулахамидова тарабынан, окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда  уюштурулду. Талкууда алгач студенттер тайпа-тайпа менен иш алып барышып, “Биз СПИДке каршыбыз!” деген чакырыктын негизинде  ВИЧ, СПИД боюнча кызыктуу баяндамаларды жасап өтүштү. Андан соң видео-роликтин коштоосунда катышуучуларга аталган дарттын келип чыгуусу, түрлөрү, белгилери тууралуу кеңири маалыматтар жана түшүндүрмөлөр берилди.

Даярдаган Кубаныч Жылкычы уулу