Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз баарыбыз биргебиз!

3-декабрь Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында жайгашкан  Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектеп интернатында 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата “Биз баарыбыз биргебиз!” аттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарлары Ж.Атыбаев, З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Г.Борбиева, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов жана райондогу мекеме, иш-каналардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аксакалдар, жаштар кеңеши, жеке ишкерлер катышышып, өз салымдарын кошушту. 

Андан сырткары райондогу билим берүү мекемелеринде атайын марафон өткөрүлүп, анда чогулган каражаттар, кийим-кечелер тапшырылды.

Ошондой эле райондун аймагындагы мектептерде окуган 127, үйдө окуган  51, окубаган  7 мүмкүнчүлүгү чектелген  балдарга  билим берүү мекемелери, айыл өкмөттөрү  тарабынан  атайын белектер жана материалдык жардамдар берилди.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси

А.Каримов