Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз баарыбыз биргебиз!

2018-жылдын 3-декабрь күнү Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында жайгашкан  Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата “Биз баарыбыз биргебиз!” аттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким Э.Маматаев,  орун басары Н.Бекжигитова, Ноокен рай БББнүн башчысы Б.Козуев, Ноокен рай КБКнын төрагасы К.Нышанов, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов жана райондогу мекеме, иш-каналардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аксакалдар, жеке ишкерлер катышышып, өз салымдарын кошушту. 

Андан сырткары райондогу мектептерде атайын марафон өткөрүлүп, анда чогулган каражаттар, кийим-кечелер мектеп жетекчилери тарабынан тапшырылды.

Иш-чара көмөкчү жатак мектептин тарбиялануучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен уланды.

 

 

Материалды даярдаган:

Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин

профкому Н. Тагаев