Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бишкек шаарынын атайы бала-бакча, мектептери үчүн кайрымдуулук марафону

    Жыл сайын И. Арабаев ат. КМУнун Педагогика факультетинин профбюросу жана деканатынын демилгеси менен «Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин» күнүнө карата Бишкек шаарынын атайы бала-бакча, мектептери үчүн кайрымдуулук марафону уюштурулуп келет. Университеттин жалпы жамааты чогулткан каражатты (акча, кийим кечек, оргтехника ж.б.)жалпысы 12 атайын мектеп,бала бакчаларга бөлүштүрүлүп берилет. (Марафондо быйыл 112 000 сом түштү) Ар бир мектепке 8700сомдон бөлүштүрүлүп берилди.

    И.Арабаев ат. КМУда Манас таануу институтунун түптөлгөнүнүн 5 жылдыгына карата иш чара болуп өттү. Өкмөттөн, УИАнан, КУУдан, илимий чөйрөдөн келген коноктор куттуктоолору менен бирге баядамаларды жасашты. Манас эпосу эл аралык деңгеелде кыргыз журтчулугу үчүн туу туткан ыйык мурас экенин белгилөө менен бирге аны ар тараптан изилдөө керек экенин баса белгилешти. Бул институтту түптөөдө албетте ректор Т. Абдырахмановдун жана директору Топчукенин салымы өтө зор.

    И.Арабаев ат. КМУнун салтка айланып калган мугалимдер аралык спартакиадасы жыйынтыкталды. Спорттун 6 түрү боюнча ат салышкан факультеттердин мыктылары 2 жума таймашып күчтүүлөрү аныкталды. Жеңүүчүлөргө профсоюз жана админстрация тарабынан медальдар, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Республикалык масштабда дагы КМУнун мугалимдер командасы спорттун кее бир түрлөрү боюнча алдыңкы оорундарды камсыз кылып келет. Мелдешти бийик деңгеелде уюштурган дене тарбия кафедрасына жана факультетине жетекчилери Нуржан Акматовго, Адис Самыйкановго ыраазычылык билдиребиз.