Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бишкек шаарынан жана облустардан келген жаштар ОшМУ менен жакындан таанышып кайтышты

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков Бишкек шаарындагы  жана  облустардагы  жогорку окуу жайлардан жана мектептерден  конок катары келген  улан-кыздар  менен жолугушту.

ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Азирет-али Маткалыков атайын жаштар күнүнө карата активист жаштарды Ош шаарына конокко чакырган.  Алар биринчи күнү ОшМУнун жаштары менен жакындан таанышып, жаштар күнүнө арналган иш чараларга күбө болушкан жана Ош шаарынын ыйык Сулайман Тоосуна чыгып «Манас» айтышып, шаарыбыздын тарыхый, кооз жайлары, ОшМУнун окуу имараттары, клиникалары  менен таанышып чыгышкан.

Делегациянын курамы Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин жаштар комитетинин төрасы Арстанбек Калмырзаев, төраганын орун басары Алтынбек Баясов, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти, «Кызыл-Жалын» уюмунун негиздөөчүсү Ашырбек уулу Сүйүндүк, Дүйнөлүк тарыхчылар ассосациясынын мүчөсү, жаш тарыхчы, Балыкчы шаарынын Л.Толстой мектебини президенти, «Тарых ордо» интеллектуалдык оюнунун автору Темирлан Султанбеков, 2014-жылдын мыкты окуучусу, алтын сертификаттын ээси Курманбек Амантуров, ушундай эле алтын сертификаттын ээси Айбек Каипбеков, Талас областы боюнча «Манас ата урпактары» биримдигинин төрасы, И.Арабаев университетинин «Саякбай Манасчы» коомунун мүчөсү, эпос айтуучулар фестивалынын лауреаты Нурбек Талантбеков жана башка бир топ патриот жаштардан турат.

Окуу жай жетекчиси жаштарды алгач ОшМУдагы жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер, келечек максаттар боюнча ой бөлүштү. Ал эми университеттин окуу-маалымат департаментинин башчысы Кудайберди Кожобеков электрондук башкаруу системасы, анын өзгөчөлүгү, артыкчылыктары, университеттин oshsu.kg сайты боюнча маалымдады жана университет тууралуу тартылган видео-ролик коюлуп берилди.

Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин жаштар комитетинин төрасы Арстанбек Калмырзаев университеттин жетекчилигине жана Жаштар комитетине ыраазычылык сөзүн жолдоду. Ошондой эле эки күн аралыгында Ош шаары, ОшМУ менен жакындан таанышып чыгып шаар чындыгында өнүгүп жаткан, алдыңкы шаарлардан экендигине, Ош мамлекеттик университетинде студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн түзүлүп жаткан шарттары, курулуп жаткан окуу имараттары, клиникалары, студент достордун ыймандуу, билимдүүлүгү абдан кубанткандыгын айтып, мындан ары да регионго карап бөлүнбөй, жаштар бирдиктүү болуп өлкөнүн биримдигин сактап, өнүктүрүүгө салым кошуу негизги максаттарынан экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, бул иш аракет жаштар ортосунда биримдикти чыңдоо, өз-ара карым-катышты күчөтүү, тилектеш экендиктерин билдирүү максатында уюштурулган. Мындан ары да бул иш аракет уюштурулуп турмай болду.