Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бишкек шаардык комитети катар-катар семинар өткөрдү

2024-жылдын 16-январынан 19-январына чейин Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитети, шаардын 4 районундагы мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен семинарларды өткөрдү.

 Семинарлардын жүрүшү тууралуу:

Катышуучуларга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин ХХХI конференцияцынын жүрүшү менен таанышышты жана анын делегаттар тарабынан төрагалыгына Т.О.Бараханов  шайлангандыгы тууралуу маалымат берилди.

Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитетинин 2019-2023-жылдарга карата ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат алышты.

Мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине 2024-жылга карата Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин санаторийлерде ден соолугун чыңдоо, жайкы мезгилде Ысык-Көл жээгинде эс алдыруу тууралуу маалымат берилди.

Кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү маселелери (педагогикалык стажды эсептөө эрежелери, кабыл алуу, бошотуу, өргүүнү тариздөө жана өргүүдөн чакыруу, эмгек китепчелерин жүргүзүү), эмгек талаш – тартыштары жана этика боюнча комиссиялардын иш эрежелери, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча талаптарды сактоо боюнча отчеттуулукту жүргүзүү эрежелери, конфликтер болгон учурда, ата-эне-мугалим жүрүм-туруму түшүндүрүлдү.

Жетекчилерге негизги кызматкер эмгек өргүүсүндө болгон учурда, ооруп калганда же эмгек акысы сакталбаган өргүүдө болгон учурда убактылуу кабыл алынган кызматкерди каттоонун тартиби түшүндүрүлдү.

Билим берүү мекемелеринин директорлору кызматкерлер ооруп калган учурда  эмгек өргүүсүн жана педагогикалык стажы үчүн кошумча төлөмдөрдү туура төлөө кызматкерлердин педагогикалык жана жалпы иш стажынын эсебин жүргүзүү тажрыйбалары менен бөлүштү.

Семинарга чогулган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине “Жамааттык келишимдин”, билим берүү мекемесинин кызматкерлеринин, экономикалык жана социалдык шарттарын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү (сессияларга акы төлөө, эмгек акы төлөнбөгөн эс алуу үчүн кошумча күндөр ж.б.у.с.) катары маанилүүлүгү кенен түшүндүрүлдү.

Ошондой эле, кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитетинин кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызыктырган бардык суроолорго жооп беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети