Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биримдик, өнөктөштүк элдин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылат

К.Ж.Усенов

ЖАМУнун ректору,

профессор, техника илимдеринин доктору,

КРнын инженердик академиясынын академиги,

КРнын илим жана техника жаатындагы

мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

 

Акылман элибиз алмустактан бери ынтымакты туу тутуп келишкен. “Ынтымак бар жерде, ырыскы бар”, “Ырыс алды – ынтымак!” дешип, урпактарын тарбиялап, улуу журтту түптөшкөн. Кандай гана жамаат болбосун бул нусканы унутпоосу керек. Биз ойлогон ой-максаттарыбызды бекем биримдик менен, өрнөктүү өнөктөштүк менен гана орундатарыбызга, чоң-чоң ийгиликтерди жаратарыбызга ишенем.

Жалал-Абад мамлекеттик университети бүгүнкү күндө республикабыздагы чоң окуу жайлардын катарында турат. Андыктан анын мындан ары өркүндөп өнүгүүсүнө, заман талабына ылайык жаңыланышына чоң күч жумшашыбыз керек. Эмгек жамаатыбыздын чыгармачылык менен иштөөсүнө, студенттерибиздин заманбап технологиялар менен билим алуусуна шарттарды түзүп жатабыз.

Атап айтканда, өткөн бир жыл ичинде ар бир жатаканада жылуу, муздак суу чыгарылып, студенттердин эс алуучу бөлмөлөрү түзүлгөн. №2 студенттик жатакананын бардык терезе-эшиктери пластикалык эшиктер менен жаныланып, жуунучу жайлар да курулган. Ал эми Спутник кичи шаарчасындагы окуу корпусубуздун фасады жаныланып, корпустун ичине 200 орундуу театралдык типтеги зал курулду.

Педагогикалык  факультеттин фоеси жаныланды, аянттары узартылды, жолдор асфальталды. Эң башкысы бул жерде үстү жабылган кичи футбол аянтчасы курулуп берилди. Башкы имаратыбызда борборлоштурулган компьютердик класстар уюштурулду.

Жаңы жылдын астында эмгек жамаатыбызга бир оклад түрүндө сыйлык берүүгө жетиштик жана бул иштер мындан ары да улана бермекчи. Мындай иш аракеттердин ишке ашуусуна Жалал-Абад мамлекеттик университетибиздин профсоюздук комитетин негизги өнөктөшүбүз катары эсептейм.

Акыркы жылдары ЖАМУнун профсоюздук комитети  жаңылануу жолуна багыт алып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат десем жаңылышпайм. Биздин биримдик, өнөктөштүк элдин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылат. Алдыбыздагы жакшы ой-максаттарыбыздын орундалуусуна өбөлгө болот.

Материалды даярдаган:Жалал-Абад обкомунун инпектору-А.Айдаров.