Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биргелешип иштөө ийгиликке жетелейт

    Жалал-Абад областына караштуу  Токтогул районунун  Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетине Жалал-Абад областтык профсоюз комитетинен эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо инспектору Айдаров Абдрахим,  финансы бөлүмүнүн башчысы Сулайманов Замир жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы  Бегматов Анарбай атайын усулдук чакырылыштын негизинде келишти. Иш алып барууда бири биринин иш тажыйырбасы менен бөлүшүп, жана алдыдагы иш пландары менен таанышышты.  Жана ушул сапар менен  гана чекит коюлбастан тажыйырба алмашуу максатында атайын иш алып баруу боюнча эки тараптык макулдашуулар жүргүзүлдү.